Кимде-ким: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп он жолу айтса...
Абу Аюб (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Кимде-ким: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп он жолу айтса, Исмаилдин урпагынан төрт кулду азаттыкка чыгаргандай сооп алат".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп айтса... деп кабарлаган хадистеги бул сөздүн мааниси: Жалгыз, эч шериги жок Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, бир гана Кемчиликсиз Аллах Таала толук мүлктүн ээси, Ал гана улуктоо жана сүйүү менен айтылган алкыш-мактоого ылайык, Андан башка эч ким буга ылайык эмес, Ал бардык нерсеге Кадыр, Ал аткара албай кала турган эч нерсе жок. Эми ушул сөздү ким бир күндө он жолу кайталап айтса, ал Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаил пайгамбардын урпагынан төрт кулду азаттыкка чыгаргандай соопко ээ болот. Исмаилдин урпагынан деп аны жеке айтканы алардын кадыр-баркы жогору болгону үчүн.
Hadeeth benefits
Аллах Тааланы улухиятта, падышалыкта, мактоодо жана толук кудуреттүүлүктө жалгыздаганы үчүн бул зикир өзгөчө болуп эсептелет.
Бул зикирдин сообуна аны катары менен дароо айткан адам да, бөлүп-бөлүп айткан адам да жетет.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others