Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок...
Самура бин Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок».
Муслим жазып калтырган
Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Таалага эң сүйүктүү сөздөр төртөө экенин баяндап жатат.
Субханаллах: Аллах Тааланы бардык кемчиликтен аруулоону түшүндүрөт.
Алхамдулиллах: Аллах Тааланы жакшы көрүү жана Аны улуулоо менен Анын толук, кемчиликсиз экенин сыпаттоо.
Лаа илааха Иллаллах: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.
Аллаху Акбар: Бардык нерседен эң урматтуу, эң улуу жана эң кадырлуу.
Бул сөздөрдүн пазилетин жана сообун алуу үчүн аларды тартиби менен айтуу талап кылынбайт.
Hadeeth benefits
Шарият жеңил. Ошондуктан бул сөздөрдүн кайсынысы менен баштасаң да зыяны жок.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others