- Мындай сооп бул сөздү күндө катары менен айткан адамга да, бөлүп-бөлүп айткан адамга да берилет.
- Тасбих: Аллах Тааланы кемчиликтен таза деп аруулоо. Ал эми тахмид: Аллах Тааланы сүйүү жана улуктоо менен Анын кемелдүүлүгүн сыпаттоо.
- Хадисте айтылган күнөөлөр кичине күнөөлөр. Ал эми чоң күнөөлөр тообо кылуу менен гана кечирилет.