Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозу...
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө мындай кылчу: Биринчи: колу же кийиминин бир учу менен оозун жапчу; муну о...
Ибн Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп кабарлайт: Адамдардын үзүрлүү болгондугунун себебинен аларга жеңилдетүү үчүн Аллах койгон өкүмдөрдө...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах кимге жакшылык кааласа, анда ага сыноо...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эгер Аллах ыймандуу пенделеринин бирине жакшылык кааласа, анда аларды өздөрү, мал-мүлктөрү жана үй-бүлөлөрү ме...
Абу Саъид ал-Худри жана Абу Хурайра (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Мусул...
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман пендеге ооруу, кыжаалатчылык, кайгы, убайым, каатчылык, коркунуч, ачкалык, ал ту...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага таза, күнөөсү...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: ыймандуу эркек-аялдарга алардын өзүнө тиешелүү, мисалы, ден-соолугуна, дене-...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.

Ибн Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт».

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах кимге жакшылык кааласа, анда ага сыноо жиберет».

Абу Саъид ал-Худри жана Абу Хурайра (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет".

Сухайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот. Эгер ага кубаныч болсо, ага шүгүр кылат. Бул ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян болсо, ага сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы».

Абу Муса аль-Ашьари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага денисак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жакшы иш-амалдарды аткарууга шашылгыла. Караңгы түн каптагандай фитна-азгырыктар каптаган заман келет. Ошондо эрте менен ыймандуу болуп турган адам, кечинде каапыр болуп калат. Кечинде ыйманы менен жүргөн адам, эртең менен каапыр болуп калат. Алар жарыбаган дүйнө кызыкчылыгы үчүн динин сатып жиберишет".

Муавия (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум: "Аллах кимге жакшылыкты кааласа, аны динде илимдүү кылат. Чынында мен бөлүштүрүүчүмүн, Аллах берүүчү. Бул үммөт Аллахтын динин бекем кармаса, кыямат болгонго чейин аларга каршы чыккандар зыянын тийгизе албайт".

Жабир бин Абдуллах, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага тозок болсун жана тозок болсун».

Усмандын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр".

Абу Абдур-Рахман ас-Сулами, рахимахуллах , мындай деп айтты: Бизге Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз ушинтип аяттардагы илимди жана амалдарды да үйрөнөт элек» - деп айтышат эле.