Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага денисак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет
Абу Муса аль-Ашьари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага денисак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».
Бухари жазып калтырган
Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадисинде эгерде мусулман адам денисак жана сапарга чыкпаган кезинде жакшы иш-аракеттерди аткарып жүргөн болсо, оору же сапар ж.б. үзүр себептүү ал иш-аракеттерин аткара албай калса, анда ага сообу жазыла берээрин айтып, Аллахтын пазилеттүү жана мээримдүү экенин кабарлап жатат.
Hadeeth benefits
Аллахтын пенделерине болгон берешендиги.
Денисак жана бош кезде убакытты туура пайдаланып ибадатты көп аткарууга чакыруу.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others