- Кубанычка шүгүр, кыйынчылыкка сабыр кылуу артыкчылыктуу иштерден. Мындай кылган адамдарга дүйнө жана акыреттин жакышылыгы болот. Ал эми ким кубанычка шүгүр кылбаса жана кыйынчылыкка сабыр кылбаса, сооптон куру калат. Тескерисинче, ага жамандык жетет.
- Ыймандын артыкчылыгы ушунда, мындай учурлардын баарында ыймандуу адамга гана сооп жазылат.
- Кубанычка шүгүр кылуу жана кыйынчылыкка сабыр кылуу - ыймандуу адамдардын белгиси.
- Аллахтын тагдырына ишенүү - ыймандуу адамды бардык абалды ыраазылык менен кабыл ала турган кылат. А ыймансыз адам тескерисинче, ага кандай зыян болбосун дайыма нааразы болуп жүрөт. А эгер ага Аллахтын кайсы бир жакшылыгы болсо, аны ал күнөө иштерге жумшап, ал аны Аллахка таат-ибадат кылуудан алек кылат.