- Динди бекем кармоо жана тоскоолдук жаратуучу иштер пайда болгончо жакшы иш-амалдарды аткарып калууга шашылуу важиб.
- Акыр заманда түндөй каптаган фитна-бүлгүн иштер көбөйөт. Мындай бузуку фитналардын бири пайда болуп кайра жоголсо, анын артынан экинчиси чыга берет.
- Эгер инсандын дин кармануусу алсыздап, анын каршысына байлыкка кызыгуусу же башка бир дүйнөлүк нерсеге кызыгуусу күчөй берсе, бул анын динден алыстоосуна жана таштап коюусуна, фитна-азгырыкка ээрчип кетүүсүнө себеп болот.
- Бул хадис жакшы иш-амалдар фитна-бүлгүндөн кутулууга себеп болоруна далил.
- Фитна-бүлгүн эки түрдүү болот: биринчиси, шек-күмөн жараткан фитна. Муну илим аркылуу жеңүүгө болот. Экинчиси, шахват, кумар каалоолорун жараткан фитна. Муну бекем ыйман жана сабырдуулук менен жеңүүгө болот.
- Хадисте кимдин жакшы иш-амалдары аз болсо ага фитна бат жетерине ишарат бар. Ал эми кимдин жакшы иш-амалдары көбүрөөк болсо, анысына сыймыктанып жүрүп албай, жакшы ишин дагы көбөйтө бериши керек.