Бизге Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз уши...
Абу Абдур-Рахман ас-Сулами, рахимахуллах , мындай деп айтты: Бизге Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз ушинтип аяттардагы илимди жана амалдарды да үйрөнөт элек» - деп айтышат эле.
Ахмад жазып калтырган
Explanation
Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, Курандан он аят алышчу жана алар аяттардан илимди алып ага амал кылмайынча, башка аяттарга өтүшчү эмес. Ошентип алар илим менен амалды бирге үйрөнүшкөн.
Hadeeth benefits
Сахабалардан Аллах ыраазы болсун. Алардын Куранды үйрөнүүгө болгон аракеттери ачыкталды.
Куранды үйрөнүү аны окуу жана жаттоо менен эле эмес, андагы нерселерди билүү жана амал кылуу менен болот.
Илим сөздөн жана иш-аракеттерден турат.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others