Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман к...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахка жана кайтып бара турган жана аткарган иш-аракеттерине жараша сыйлык ала турган акырет күнүнө ыйман кел...
Абу Зар, ​​радыяллаху анху, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага айтты: «Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууга...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жакшылык кылууга жана ал жакшылык аз болсо да кем санабай аткарууга үндөдү. Мисалы: Жолугушканда жылмаюу менен...
Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынчыл болгула, антк...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынчыл болууга буйруп, чынчыл болуу дайыма ийги иш-амалдарды аткарууга жеткирерин баяндаган...
Жарир бин Абдулла, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Алл...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарга ырайым кылбаган адамга Аллах Таала ырайым кылбай турганын баяндап жатат. Пенденин калайык калкка кыл...
Абдулла бин Амр, радияллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, башкаларга ырайым кылгандарды Мээримдүү Аллах ырайым кылаарын түшүндүрүп жатат. Бардык нерсени камтыган Анын ы...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын».

Абу Зар, ​​радыяллаху анху, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага айтты: «Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».

Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынчыл болгула, анткени чындык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат . Адам чындыкты айта берип, чынчылдыкка берилсе, Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат. Жалган айтуудан сак болгула, анткени жалган жамандыкка жетелейт, а жамандык болсо тозокко алып барат. Адам жалган айта берип жалганга берилсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат".

Жарир бин Абдулла, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт».

Абдулла бин Амр, радияллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".

Абдуллах бин Амрдын (аларга Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу».

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: "Араңарда саламды жайылткыла".

Абдуллах бин Амр (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?" Сахабалар: Айтыңыз, о, Аллахтын элчиси" - дешти. "Кыйынчылыкка карабай жеткиликтүү даарат алуу. Мечитке көп каттоо. Намаздан кийин кийинки намазды күтүү. Мына ушул (Аллах менен) бекем байланыш".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»

Ибн Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Жебреил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты".