/ Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат

Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат

Абдулла бин Амр, радияллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, башкаларга ырайым кылгандарды Мээримдүү Аллах ырайым кылаарын түшүндүрүп жатат. Бардык нерсени камтыган Анын ырайымдуулугу жетиштүү сыйлык. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жер жүзүндөгү бардык адамдарга, айбанаттарга, канаттууларга жана башка бардык жаратылгандарга ырайым кылууну буйруду. Мунун сообу – асмандардын үстүнөн Аллахтын силерге ырайым кылуусу.

Hadeeth benefits

  1. Ислам дини мээримдүүлүктүн дини. Ал толугу менен Аллахка ибадат кылууга жана жаратылгандарга жакшылык кылууга негизделген.
  2. Аллах Таала ырайымдуулук менен сыпатталган. Ал бардык айып-кемчиликтерден Аруу, Мээримдүү, Ырайымдуу жана Өз пенделерине ырайым кылуучу.
  3. Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот. Ырайымдууларды Аллах ырайымына алат.