- Сахабалар дүйнө жана акыретке пайдалуу өзгөчө иштерди билүүгө кызыкдар болушкан.
- Салам жана тоюндуруу Исламдагы эң абзел иштерден; артыкчылыктуу болгону жана адамдар бул эки нерсеге дайыма муктаж болуп турганы үчүн.
- Бул эки өзгөчө иш аркылуу амалга да, сөзгө да тиешелүү жакшылыктар ишке ашат, жакшылыктын эң артыгы тил жана амал менен болгону.
- Бул өзгөчө иштер мусулмандардын бири-бири менен болгон мамилесине тиешелүү, мындан башка Аллах менен пенденин ортосундагы мамилеге тиешелүү да өзгөчө иштер бар.
- Саламды озунуп биринчи айтуу мусулмандарга гана тиешелүү, а эгер мусулман эмес адамга жолукса, ага озунуп салам айтууга болбойт.