- Бейишке кирүү ыйман аркылуу гана болот.
- Өзүнө каалаган нерсени башка мусулман бир тууганына да каалоо мусулмандын ыйманынын толуктугунан кабар берет.
- Адамдардын арасында аманчылыкты жана махабатты пайда кылганы үчүн, мусулмандарга саламды жайылтуу жана көп айтуу жакшы.
- Мусулман адамга гана салам айтылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "араңарда" деп баса белгилеп айткан.
- Салам айтуу - мамиленин үзүлүүсү, бири-биринен алыстоо жана касташуунун алдын алат.
- Мусулмандардын ортосунда махабаттын болуусу зарыл, анткени ал ыймандын толуктугунан.
- Башка хадисте салам айтканда: "Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатух" деп айтуу саламдын толугу экени, ал эми: "Ассаламу алайкум" десе деле жетиштүү болору айтылган.