- Адамдар ыйманында ар түрдүү болот.
- Иш-амалдарда күчтүү болуу жакшы; анткени, күчтүүлүк менен алсыз адам жетпеген пайдаларга жете алат.
- Инсан өзүнө пайдалуу иштерге аракет кылып, пайдасыз иштерди таштоосу керек.
- Ыймандуу адам өзүнө таянбастан, бардык иштеринде Аллахтын көмөгүн сурануусу керек.
- Каза жана кадардын бар экени анык, бул жакшы иштерге аракет кылууга жана себептерди аткарууга каршы келбейт.
- Кыйынчылыкка кабылганда нааразыланып: "эгер" деген сөздү айтуудан тыйган жана Аллахтын каза, кадарына каршы болуунун арамдыгын айткан.