- Мындан намазды мечитте жамаат менен окуунун зарылдыгын, намазга кам-пикир кылып, андан алагды болбоо керектигин билдик.
- Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына аябай кам көргөн, суроо ыкмасы менен аларга сооптуу иштерди түшүндүргөн. Бул таалим берүүдөгү мыкты ыкмалардын бири.
- Маселени суроо-жооп аркылуу жеткирүүнүн пайдасы: сөз адамга айкын түшүнүктүү болот.
- Навави (Аллах аны ырайым кылсын) минтип айткан: Хадистеги "ушул бекем байланыш" дегендин мааниси, кызыккан нерсеге байлануу дегенди туюндурат. Байланыштын түпкү мааниси бир нерсеге байлануу. Демек, мына ушул ибадаттарга байлангыла деген маани. Бул байланыштын эң абзели деп да айтылган. Чыныгы жихад, өз напсиси менен болгон жихад деген сыяктуу. Аткарууга мүмкүн болгон, жеңил байланыш деген маани болуусу да мүмкүн б.а. Аллах менен болгон байланыштын бир түрү.
- Байланыш деген сөздүн арап тилиндеги белгилүү сөздөрдүн формасында келиши - жогорудагы иштердин маанилүү экендигин билдирет.