Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Зыян тартуу жок жана зыян берүү да ж...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондук...
Абу Муса Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Салих жана жаман адам м...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки түрдүү адамды мисал келтирди: Биринчиси: Сөзгө ынак адам жана салих дос, ал Аллахка...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат: Бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - де...
Сахабалардын бири Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, өзүнө пайда алып келе турган нерсеге багыттоосун сурады. Ошондо Пайгамбар ачууланбоого бу...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн карм...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, чыныгы күч дененин күчү эмес же башка билеги күчтүүнү жеңген адам күчтүү эмес. Тескерисинче, ачууланганда өзүн...
Абдуллах бин Амир (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Төмөнкү төрт түрдүү...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт иштен тыйып, катуу эскерткен. Эгер бул төрт иш бир адамда топтолсо, ал анык мунафыктар...

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».

Абу Муса Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу. Атыр саткан адам: же ал сага атырын белек кылат, же сен андан сатып аласың, же жок эле дегенде анын жыпар жыты келип турат. Көөрүк үйлөгөн адам: же ал сенин кийимиңди күйгүзөт, же андан жагымсыз жытты табасың".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат: Бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү».

Абдуллах бин Амир (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Төмөнкү төрт түрдүү жорук кимде болсо, ал анык эки жүздүү болот. Ал эми кимде бул жоруктардын бири болсо, андан арылмайынча экүү жүздүүлүктүн бир белгиси бар болот. Алар: аманат берилсе, ага кыянаттык кылат; Сүйлөсө жалган сүйлөйт; Убада берсе, сөзүндө турбайт жана талашып-тартышса, аша чаап кетет”

Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бирөөлөрдүн ата тегин кемсинткен, бирөөлөргө каргыш айткан, бузук иштерди кылган, уят сөздөрдү сүйлөгөн адамдын ыйманы толук болбойт".

Абдулла бин Умар, радыяллаху анхума, айтты: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир кишинин бир тууганына уяттуулугу үчүн жемелеп жатканын угуп: «Уяттуулук ыймандан» - деди.

Аль-Микдам бин Маьди Кариба, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».

Жабир бин Абдуллах, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ар бир жакшылык – садака».

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек . Анын эки адамды жараштырып койгону - садага. Бирөөнү атына аттантып, жүгүн артып бергени - садага. Жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке таштаган ар бир кадам - садага. Жолду зыяндуу нерседен тазалоо - садага".

Абу Барза ал-Аслами (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жесирге жана жардыга жардам берген адам Аллах жолунда жихад кылгандай же түнү туруп намаз окуп, күндүзү орозо кармагандай (сооп-сый алат)".