- Ушундай сыпаттарды өзүнө киргизип алуудан сак болууну эскертүү үчүн мунафыктыктын кээ бир белгилери айтылган.
- Хадистин максаты: Ушул сыпаттар нифактын сыпаттары, мындай сыпаттары бар адам бул сыпаттарда мунафыкка окшойт. Бирок ал каапырлыгын жашырып, динин ачыкка чыгарган анык мунафык эмес. Кимде мындай сыпаттары болсо, көбүнчө ишеними бузук болот.
- Ал-Газали минтип айткан: Диндарлыктын негизи үч нерсени ичине алат: сөз, иш, ниет. (Хадисте) сөздүн бузулушу жалганчылык менен болорун, иштин бузулушу кыянаттык менен болору, ниеттин бузулуусу анын тескерисин кылуу менен болорун эскерткен. Анткени убадага тескери иш кылуу чындап ошондой кылууну ниеттенгенде гана абийирсиз иш болуп эсептелет. Ал эми башында убаданы аткарууну ниет кылып, кийин аны кандайдыр бир тоскоолдук тосуп калса, же ага башка бир ой келип убадасын аткара албай калса, андай адамда мунафыктын белгиси болбойт.
- Нифак эки түрдүү болот: Ишенимдеги нифак, бул адамды динден чыгарат. Мында адам каапырлыгын жашырып, жалган динин ачык кылат. Экинчиси, амалдагы нифак, бул кулк-мүнөзүндө мунафыктарга окшошуу. Бул нифак адамды динден чыгарбайт. Анткен менен чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат.
- Ибн Хажар минтип айткан: Кимде-ким жүрөгү менен ыйман келтирип, тили менен тастыктаса, бирок жогорудагы жоруктарды аткарса, мындай адамды каапыр жана тозокто түбөлүк кала турган мунафык деп өкүм чыгарууга болбойт. Бул бардык аалымдардын пикири.
- Ан-Навави минтип айткан: Аалымдардын бир тобу мындай деген: Хадистен максат, пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманындагы мунафыктарга тиешелүү, алар ыйманга келдик деп айтышат эле, бирок аны жалган айтышкан. Диндерин аманатка алып, бирок ага кыянат кылышкан. Дин ишинде жардам беребиз деп убада берип, бирок аны аткарышкан эмес. Ошондой эле талашып-тартышканда чектен чыгып кетишчү.