/ Ар бир жакшылык – садака

Ар бир жакшылык – садака

Жабир бин Абдуллах, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ар бир жакшылык – садака».
Бухари Жаабирдин айтканынан, Муслим болсо Хузайфанын айтканынан жазып калтырган

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, башкалар үчүн жасалган ар бир жакшылык жана пайда, мейли ал сөз түрүндө болсун же иш жүзүндө болсун, ал садака болорун жана анда сооп жана сыйлык бар экенин кабар берип жатат.

Hadeeth benefits

  1. Садака адамдын акчасынан берген нерсе менен эле чектелбейт. Анын кылган же айткан жана башкаларга жеткирген ар бир жакшылыгын да камтыйт.
  2. Ал хадисте жакшылык кылууга жана башкаларга пайдалуу нерселердин баарын аткарууга кызыктыруу бар.
  3. Оңой болсо да жакшылык үчүн болгон нерсени аз санабоо керек.