- Адам баласынын сөөк, тарамыштарынын тартиптүү кыймылдап турганы Аллах Тааланын бизге берген эң чоң нээмат жакшылыгы. Ошон үчүн Аллахтын бул жакшылыгына шүгүр кылып, ар бир мүчөгө өзүнчө садага берилүүсү тийиш.
- Аллахтын нээмат жакшылыгы дайыма уланып туруусу үчүн күн сайын ага жаңылап шүгүр кылуу керек.
- Күн сайын нафил ибадаттарды аткарып, садагаларды берип туруу керек.
- Адамдардын ортосун жараштыруу - артыкчылыктуу иштерден.
- Мусулман боордошуна жардам берүү зарыл, анткени ага жардам берүү да садага болуп эсептелет.
- Жамаат намазын окуу үчүн басып баруу керек. Мечит куруу да ушуга кирет.
- Зыяндуу нерселерди алып таштоо аркылуу мусулмандардын ары-бери баскан жолун таза сактоо важиб.