Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт...
Абу Барза ал-Аслами (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".
Ат-Тирмизи жазып калтырган
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү эч бир адам төмөнкү иштер тууралуу суралмайынча эсеп-кысап майданынан бейишке да, тозокко да өтө албастыгын айткан.
Биринчиси: Жашоосун кантип өткөргөнү тууралуу.
Экинчиси: Илимди Аллахтын ыраазылыгы үчүн алганбы? Алган илимине амал кылдыбы? Алган илимин тиешелүү адамдарга жеткирдиби?
Үчүнчүсү: Мал-мүлкүн арамдан таптыбы, же адалдан таптыбы? Анан аны Аллах ыраазы боло турган иштерге жумшадыбы, же Аллахтын ачуусун келтире турган иштерге короттубу?
Төртүнчү: Дене мүчөлөрүн, күч-кубатын, чың ден солугун, жаштык курагын эмнеге иштетип, эмнеге жумшады?
Hadeeth benefits
Өмүрдү Аллах ыраазы боло тургандай пайдалануу зарыл.
Аллахтын пенделерге берген нээмат-жакшылыгы өтө көп. Пенде ошол нээматтар тууралуу сөзсүз суралат, ошондуктан Аллахтын нээматтарын Ал ыраазы боло тургандай пайдалануусу зарыл.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others