Абу Дарда, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирин төгүүдөн...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кимде-ким өзүнүн мусулман бир тууганын ал жокто аны жамандабай же ага жамандык кылбай анын абийирин коргосо, а...
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн не...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам дүйнө жана акыретке тиешелүү жакшылык иштерде, таат-ибадатта өзүнө жакшы көрг...
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыг...
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөздөгү жана иштеги кичи пейилдик, жумшактык жана шашылбоо иштин жакшы, кооз, толук болуусуна ж...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Чынында бул дин абдан жеңил. Эч ким...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам дини бардык тарабынан жеңил, оңой түзүлгөнүн айткан. Алсыздык же муктаждык себептери...
Анас бин Маликтин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Жеңил көрсөткүлө, оор кы...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дин жана дүнүйө иштеринин баарында адамдарга жеңил, оңой кылууга, аларга оор келтирбөөгө бу...
Абу Дарда, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирин төгүүдөн жүз бурса, анда Аллах Кыямат күнү анын жүзүн тозоко түшүүдөн кайтарат».
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет".
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Чынында бул дин абдан жеңил. Эч ким чамасы келбеген даражада ибадат кылам дебесин. Антсе ага дин үстөмдүк кылат. Ошондуктан, ар бир иште тактыкты жана ортолукту кармангыла. Ар бир ишти мыкты аткаргыла. Ошенте алсаңар, кубангыла. Таңкы, кечки жана түн бир оокумдагы убактыңарды жакшы пайдаланып, Аллахтан жардам сурагыла".
Ибн Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Силерден бирөө тамактанса оң колу менен жесин, ичкенде оң колу менен ичсин. Анткени шайтан сол колу менен жейт жана сол колу менен ичет".
Умар бин Абу Салама, радыяллаху анху, риваят кылып мындай деп айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, кол астындагы бала элем. (Тамактанууда) колум табактын ар тарабына кетет эле. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мага: "Эй, бала! Бисмиллах" - деп, Аллахтын атын ата. Оң колуң менен жана өз алдыңдан жегин!" – деп айтты. Мен ошондон бери (Аллахтын Элчиси үйрөткөндөй) тамактанам".
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Тамактанып анан Ага (Аллах) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".
Салама бин ал-Акваъ (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын" - деди. (Анткени) тиги текеберленип ошенткен болчу. Ошентип ал колун оозуна жеткире көтөрө албай калды.
Жабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун" . Бир жолу Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сарымсак, жашылчалар кошулган тамак салынган идишти алып келишти эле, андан жагымсыз жытты байкап, эмне кошулганын сурады. Алар анда сарымсак бар экенин айтышты. Ал аны ошол жердеги бир сахабасына бергиле деди. Кийин тиги сахабанын тамакты жебей отурганын көрүп: "Сен жей бергин. Мен сен байланышпаган бирөө менен байланышам" - деди.
Сахл бин Муаз бин Анас атасынан риваят кылып айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.