- Тамак жеп бүткөндөн кийин Аллах Таалага алкыш-мактоо айтуу жакшы иш.
- Аллах Тааланын пенделерине берешендиги улуу. Пенделерине ырыскы берет, ырыскы алуунун жолун жеңил кылат, анан да ошол ырыскыны жеп мактоо айтканы үчүн күнөөлөрүн кечирет.
- Пенденин ар бир иши Аллахтын жардамы менен болот, өзүнүн күч-кубаты менен болбойт. Пенде себептерди аткарууга гана буйрулган.