- Пияз, сарымсак, порей жеген адамга мечитке келгенге тыюу салынган.
- Бул тыюу буларга окшош жагымсыз жыты бар, намазга келген адамдарды жийиркенте турган бардык нерсеге тиешелүү. Мисалы, түтүн жана тамекинин жыты ж.б.у.с.
- Тыюуга жыт себеп болууда. Эгер кайнатып бышырганда булардын жыты кетсе, анда аны жегенден кийин мечитке бара берсе болот. Бул учурда анын макирөөлүгү кетет.
- Булардын макирөөлүгү мечитке жамаат намазга бара турган адамга гана тиешелүү. Намазга баруудан кутулуу үчүн атайлап жесе, анда арам болот.
- Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сарымсак сыяктуу нерселерди жебегени, алар арам деген маани эмес, ал Жебирейил периште менен жолугуп турган.
- Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылган адам өкүмдүн даанышмандыгын (себебин) түшүнүп, тынчтануусу үчүн анын себебин кошо баяндап, өтө мыкты таалим берген.
- Ал-Каази минтип айткан: Аалымдар бул өкүмдөгү намазга салыштырып мечиттен башка жакта окула турган айт, жаназа намаздарына жана башка эл чогула турган ибадаттарга, илим алуу, зикир кылуу отуруштарына жана үйлөнүү үлпөттөрүнө да жогорудагы өсүмдүктөрдү жеген адамдын келүүсү макирөө дешкен. Ал эми базар ж.б.у.с. эл чогула турган жерлер бул тыюуга кирбейт.
- Аалымдар дагы: Хадистердин жалпы маанисине ылайык, сарымсак сыяктуу нерселерди жеген адам мечитте эч ким жок болсо да кирүүгө болбостугун айтышкан. Анткени, мечит периштелер кире турган жай.