- Мусулман адам өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрүүсү ваажыб. Өзүнө жакшы көргөндү башкаларга ыраа көрбөгөн адамдын ыйманы толук болбостугу мунун ваажыбдыгына далил.
- Диндеги боордоштук туугандыктагы боордоштуктан жогору турат. Анын акысы да маанилүүрөөк.
- Мындай жакшы көрүүнү жокко чыгара турган иштин баары, мисалы, алдамчылык, ушакчылык, көрө албастык, мусулмандын өзүнө, мал-мүлкүнө, абийирине шек келтирүү ж.б. арам болуп эсептелет.
- Ишти аткарууга шык берген сөздөрдү колдонууга болот. "Бир боордошуна" деп айткан сыяктуу.
- Кирмани (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: өзүнө жек көргөн жаман нерсени диндеш тууганына жек көрүү да ыймандуулуктан. Анткени бир нерсени жакшы көрүү анын тескерисин жек көрүүнү талап кылат.