/ Тамактанып анан Ага (Аллах) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот

Тамактанып анан Ага (Аллах) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот

Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Тамактанып анан Ага (Аллах) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".
Муслим жазып калтырган

Explanation

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пенденин Раббисине Анын берешендиги жана берген нээматы үчүн мактоо айтуусу Аллах Тааланын ыраазылыгына жеткире турган иштерден экенин баяндаган. Тамактангандан кийин "алхамду лиллах" дейт, суусундук ичкенден кийин да "алхамду лиллах" дейт.

Hadeeth benefits

  1. Ырыскы менен сыйлап, анан кайра ага айтылган мактоого ыраазы болуу Аллах Тааланын берешендигинен.
  2. Аллахтын ыраазылыгына оңой эле себептер менен жетүүгө болот, жеп жана ичкенден кийин алкыш-мактоо айтуу сыяктуу.
  3. Жеп, ичкенден кийин дароо Аллах Таалага мактоо айтуу - тамактануу жана суусундук ичүүнүн адептеринен болуп саналат.