Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көкүл коюудан тыйган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чачтын бир жерин кырып, бир жерин калтырып коюудан тыйган. Бул тыюу эркектердин баарына,...
Ибн Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Мурутуңарды кыскарткыла жана сакалыңарды өстүргүлө".
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мурутту өстүрбөй алууга, кыскартууга буйруган жана кыскартууга катуу көңүл бурган. Сакалды өстүрүүгө жана к...
Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эркек киши эркек кишин...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек кишини эркек кишинин авретин кароодон тыйган. Аял кишини аял кишинин авретин кароодон...
Абдуллах бин Амр (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаман сөз сүйлөгөн эмес жана андайга жол б...
Жаман сүйлөө же жаман иш кылуу пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ахлагынан эмес. Ал мындайды максат да кылган эмес, мындай...
Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум: "Чынында, ыймандуу ад...
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөздүн жакшылыгы дайыма күндүзү орозо кармап, түнү намазга туруп жүргөн адамдын даражасы...

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көкүл коюудан тыйган.

Ибн Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Мурутуңарды кыскарткыла жана сакалыңарды өстүргүлө".

Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт. Бир эркек киши башка эркек кишини менен, аял киши да башка аял киши менен бир жамынчыга оронуп жылаңачтанып жатпайт".

Абдуллах бин Амр (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаман сөз сүйлөгөн эмес жана андайга жол берген эмес. Ал: " Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу.

Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум: "Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен мүнөзү эң жакшысы эле.

Саъд бин Хишам бин Аамир Аиша энебизге (ага Аллах ыраазы болсун) кирип, мындай деди: "О, ыймандуулардын энеси, мага Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу айтып бериңизчи". Ошондо ал: "Сен Куран окубайсыңбы?" - деп сурады. Ал: "Окуймун" - деди. "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Аиша энебиз.

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле.

Шаддад бин Авс, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, ал айтты: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эки нерсени жаттап алдым». Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».

Абдулла ибн Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң. (1) Алар өкүм кылганда адилеттүү болгондор, үй-бүлөлөрүнө адилеттүү болгондор жана башкарууда адилеттүү болгондор».