- Адеп-ахлактуулукка тарбиялоо жана ахлакты толуктоо Ислам камкордугунун улуктугун билдирет.
- Жакшы кулк-мүнөздүүлүктүн артыкчалыгы. Пенде жакшы мүнөзү менен ооз ачпаган орозо тутуучунун, чарчабаган намаз окуучунун даражасына жетет.
- Күндүзү орозо кармоо, түнү намазга туруу напсиге оор келген иштер, бул экөөнүн даражасына жакшы мамилеге напсисин тарбиялаганы үчүн кулк-мүнөзү жакшы адам гана жете алат.