Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
Explanation
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен ыйманы толугу кулк-мүнөзү жакшысы экенин айткан. Кулк-мүнөздүн жакшылыгы жарык маанайда болуу, жакшылыктарды кылуу, сылык-сыпаа сүйлөө жана эч кимге зыян бербөө менен билинет.
Ошондой эле ыймандуулардын жакшысы аялдарга жакшы мамиле кылгандары экенин айткан. Б.а. аялына, кызына, эже-карындашына, жакын аял туугандарына жакшылык кылуусу керек. Анткени адамдардын арасынан алар жакшы мамилеге муктажыраак болушат.
Hadeeth benefits
Жакшы кулк-мүнөздүн артыкчылыгы, анткени ал ыймандан болуп эсептелет.
Иш-аракеттер ыймандан болуп эсептелет, ыйман көбөйөт жана азаят.
Ислам дини аял-затынын сый-урматын көтөрөт жана аларга жакшылык кылууга үндөйт.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others