/ Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң. (1) Алар өкүм кылганда адилеттүү болгондор, үй-бүлөлөрүнө адилеттүү болгондор жана башкарууда адил...

Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң. (1) Алар өкүм кылганда адилеттүү болгондор, үй-бүлөлөрүнө адилеттүү болгондор жана башкарууда адил...

Абдулла ибн Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң. (1) Алар өкүм кылганда адилеттүү болгондор, үй-бүлөлөрүнө адилеттүү болгондор жана башкарууда адилеттүү болгондор».
Муслим жазып калтырган

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарды башкарууда, аларга өкүм чыгарууда жана үй-бүлөлөрүнүн ортосунда адилеттүүлүк жана акыйкат менен өкүм кылгандар Кыямат күнү аларды урматтоо үчүн нурдан жаратылган бийик отургучтарда отурушаарын кабар берүүдө. Бул минбарлар Мээримдүү Аллах Тааланын оң жагында жана Анын эки колу тең оң.

Hadeeth benefits

  1. Адилеттүүлүктүн пазилети жана ага үндөө.
  2. Адилеттүүлүк жалпы бардык башкарууну жана адамдар арасындагы өкүм кылууну, жада калса аялдар менен балдардын ортосундагы адилеттикти жана башкаларды камтыйт.
  3. Адилеттүү адамдардын Кыямат күнүндөгү даражалары баяндалды.
  4. Ыймандуу адамдар Кыямат күнүндө ар кимиси кылган иш-аракетине жараша ар кандай даражада болушат.
  5. Кызыктыруу ыкмасы – бул даават кылуунун ыкмаларынын бири. Ал ыкмалар чакырылып жаткан адамды моюн сунууга кызыктырат.