- Ислам шарияты жеңил, кечиримдүү. Ал аша чабуу менен кайдыгер болуунун ортолугунда.
- Пенде кайсы амалды болсо да аша чаппай же кемчиликтүү кылбай, колунан келишинче гана аткарууга тийиш.
- Пенде ибадат кылууга сергек убактарды тандап алуусу керек. Жогоруда айтылган үч убак ибадат кылууга дене мүчөлөр чыйрак болуп турган убактар.
- Ибн Хажар Аскалани айтат: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисинде жолоочу адамга кайрылгандай кайрылган. Бул үч убак жолоочу үчүн эң жакшы убактар, ошон үчүн ага сергек убагын эскерткен. Анткени, жолоочу түндө да, күндүз да токтобой жол жүрө берсе, алы жетпей сапарын токтотот. А эгер бул үч сергектик убакта сапар кылса, сапарын кыйналбай уланта алат.
- Ибн Хажар айтат: Бул хадистин кыйыр маанисинде шарият уруксат берген иштерди аткаруу зарылдыгы айтылып жатат. Уруксат берилген жерде ага маани бербей, максат кылганын аткаруу күнөө. Мисалы, суу иштетүүгө чамасы жок болуп, аны иштетсе зыянга учурай турган адамдын таямум кылуудан баш тартканы сыяктуу.
- Ибн Мунир минтип айткан: Бул хадис чыныгы пайгамбарлыктын бир белгисин айгинелеген хадис. Анткени, биз да, бизден мурдагылар да динде аша чапкандардын кылып жүргөн ибадаттарын таштап коюшканын көргөнбүз. Бул жерде ибадатты толук, жеткиликтүү аткаруудан тыйып жатат деген сөз эмес. Ибадатты толук, кемчиликсиз аткаруу мактоого ылайык иш. Бул акыр аягы тажатууга алып бара турган жеке иштерге, же аткарылышы абзел (зарыл) болгон иштерден алагды кылуучу ыктыярдуу напил ибадаттарды аша чабуу менен аткарууга, же түнү менен напил намаз окуп, таң сүргөндө багымдат намазын жамаат менен окуй албай уктап калган, же күн чыгып кеткенче ойгонбой багымдаттын убактысын өткөрүп жибергендерге карата айтылган.