- Шарияттын тексттеринде арам иштерди жасаган же парз иштерди аткарбаган адамга гана ыйманы алсыз деп айтылат.
- Дене мүчөлөрдү, айрыкча, тилди зыян берүүдөн сактоо зарыл.
- Ас-Синдий минтип айтат: Бирөөнүн тегин кемсинтүү жана каргыш айтуу деген эки сыпаттын күчөтмө мааниде айтылганы, мындайга ылайыктуу болгон адамдарга карата кээ-кээде, аз-аз айтылса, мындайды айткан адамды ыймандуу деп сыпаттоого зыянын тийгизбейт.