- Чынчылдык, бул - мээнет, аракет менен жете турган жакшы мүнөз. Адам дайыма чын сүйлөп, чынчылдыкка берилсе, чынчылдык анын табиятына айланат да Аллахтын алдында таза, чынчыл деп жазылат.
- Жалганчылык да ишинде же сөзүндө уламдан-улам пайда болуп отуруп табигый адатка айлана турган жаман мүнөз. Анан Аллахтын алдында жалганчы деп жазылып калат.
- Чынчылдык бул - чындыкты сүйлөөгө айтылат. Чындыктын тескериси ал – жалган айтуу. Ал эми чынчылдык ниетке тиешелүү болсо, анда ал ыкластуулук болуп саналат. Амалга тиешелүү болсо, анда ал ашкере жана жашыруунун бирдей аткаруу. Ошондой эле, коркуудагы, үмүт кылуудагы чынчылдык сыяктуу чынчылдыктар бар. Ушунун баарында чынчыл болгон адам "сыддык" өтө чынчыл деп аталат. Ал эми кээ биринде чынчыл болгон адам "саадык" чынчыл деп аталат.