- Ыймандуу адамдардын күнөө-каталарын бул дүйнөнүн кыйынчылыктары аркылуу өчүрүп тазалаганы - Аллах Тааланын аларга кылган ырайымы.
- Балээ, сыноолордун күнөөлөрдү өчүрүүсүнө адамдын ыймандуу болуусу шарт. Пенде кыйынчылыктарга ачууланбастан сабыр кылса, соопко ээ болот.
- Өзүнө жаккан иште да, жакпаган иште да баарына сабырдуу болуу кажет. Аллахтын буйругун аткаруу үчүн сабырдуу болуу керек. Аллах тыйган нерседен алыс болуу үчүн сабырдуу болуу керек. Аллахтан сооп үмүт кылып, Анын азабынан коркуу керек.
- "Ыймандуу эркек жана ыймандуу аял" деп аялзатын кошуп айтканы, аялдарга тиешелүү сөзүн бекемдөө үчүн айтылган. Анткени, "ыймандуу эркек" деп айткан сөзүнө аялдар да кирет, бул эркекке гана тиешелүү эмес. Аял кишилерге да кандайдыр бир балээ, сыноолор болсо, ошол себептүү алардын да күнөө-катасы кечирилет.
- Пенденин кыйынчылыктарын улам-улам жеңилдеткен нерсе балээлерден пайда болгон артыкчылык.