/ "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди...

"Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди...

Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Оку" - деди. Мен эч нерсени окубадым. Ал дагы: "Оку" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Оку" - деди. Эмнени окуюн - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.
Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган

Explanation

Улуу сахаба Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: алар жамгырлуу, караңгы түндө аны менен бирге намаз окуу үчүн пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп барышат да, аны табышат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Айт" б.а. оку - дейт. Ал эч нерсени окубайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүн кайталайт. Абдуллах: О, Аллахтын элчиси, эмнени окуйун? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ихлас сүрөсүн (кул хуваллааху ахад), сактоочу эки сүрө (Кул ауузу бироббил фалак), (Кул ауузу бироббин наас) сүрөлөрүн эртең менен жана кечинде үч жолудан окусаң, бардык жамандыктан сактап, жаман иштен коргойт - дейт.

Hadeeth benefits

  1. Ихлас жана эки коргоочу сүрөнү эртең менен жана кечинде окуу жакшы, анткени бардык жамандыктан калканч болот.
  2. Ихлас жана эки коргоочу сүрөнү окуу артыкчылыктуу иштерден.