- Аллахтын уруксаты менен адам кокус келүүчү балээ, зыяндардан ж.б.у.с. нерселерден корголуп туруусу үчүн, бул зикрди эртең менен жана кечинде айтып жүргөн жакшы.
- Мурдагы өткөн мусулмандардын Аллахка болгон ишеними бекем жана Аллахтын элчисинин айтканын тастыктоосу күчтүү болгон.
- Эртең менен жана кечинде зикр кылып туруунун бир пайдасы - мусулманды кайдыгерликтен ойготуп, ага дайыма Аллахтын кулу экендигин эскертип турат.
- Зикрдин таасири зикр кылган адамдын ыйманынын бекемдигине, берилүүсүнө жана ыкласына жараша болот.