Жундуб бин Абдулла Аль-Касри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким багымдат намазын...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын сактоосунда, көзөмөлүндө жана коргоосунда болоорун кабарлап...
Бурайда (ага Аллах ыраазы болсун) мынтип айткан: Асыр намазын эртерээк окугула, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким ас...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) асыр намазын убактысынан атайлап кечиктирүүдөн эскерткен. Ким кечиктирсе иш-амалдары жокко...
Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. А...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кимде-ким кайсы бир парз намазды окууну убактысы бүткүчө унутуп калса, аны эстеген замат казасын окууга шашылу...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: "Мунафыктар үчүн эң оор намаз – ку...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мунафыктар жана алардын намазга өзгөчө куптан жана багымдат намаздарына баруудагы жалкоолугу жөнүндө кабар бер...
Ибн Аби Авфа, радыяллаху анху, айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах" - деп айтчу. Мааниси: Ким Аллах Таалага мактоолорду а...

Жундуб бин Абдулла Аль-Касри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот. Ошондуктан Аллах силерден Өзүнүн коргоосундагы адам тууралуу эч нерсени талап кылбасын. Анткени Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозоко ыргытат».

Бурайда (ага Аллах ыраазы болсун) мынтип айткан: Асыр намазын эртерээк окугула, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген.

Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку" [Таха: 14]".

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: "Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек. Мен намаз окууга буйрук берип, намаз окулуп, бир кишини адамдарга имам болуп намаз окууга буюруп, анан мен отун көтөргөн кишилер менен намазга келбеген адамдарга барып алардын үйлөрүн өрттөөнү кааладым".

Ибн Аби Авфа, радыяллаху анху, айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу.

Хузайфа, радыяллаху анху, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу.

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу.

Хаттан бин Абдуллах Ар-Ракаши риваят кылган хадисте: "Мен Абу Муса аль-Ашари менен намаз окудум, ал каадада отурганда элден бир киши: "Намаз такыбалык жана зекет менен орундалган" - дейт. Абу Муса намазды бүтүрүп салам бергенден кийин аларга барып: "Силердин кимиңер мындай сөздү айтты?" – деди. Ошондо адамдар унчукпай турушту. Андан кийин кайра: "Силердин кимиңер тигиндей деген сөздү айтты?" - деди. Кайра эле адамдар унчукпай турушту". Андан кийин: "Балким, сен, Хаттан, ушинтип айткандырсың?" - деди. Хаттан: "Мен айткан жокмун, сен мени катуу урасын деп корктум" - деди. Ошондо элден бир киши: "Мен айттым, мен муну менен жакшылыкты гана кааладым" - деди. Ошондо Абу Муса айтты: "Намазда кантип айтууну билбейсиңерби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, хутбада бизге сүннөтүбүздү түшүндүрүп, намазыбызды үйрөтүп мындай деп айткан: «Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имим такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун.

Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү : "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". Хадистин башка бир версиясында: "Чындыгында Аллах - бардык айып-кемчиликтерден Таза. Качан силердин бириңер намазда отурганда минтип айтсын: "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун". Ушуну айтса, Аллахтын асман-жердеги бардык кулдарына жетет. "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп, андан кийин каалагандай дуба кылууга ыктыярдуу".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылып, минтип айтаар эле: "Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам ". Муслимдин риваятында: "Акыркы ташаудду окугандан кийин төрт нерседен сактоону Аллахтан сурангыла: тозоктун азабынан, кабырдын азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн, масих Дажжалдын жамандыгынан" деп келген.

Маъдан бин Абу Талха Йаъмари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызматчысы Савбанга жолугуп: Анын себеби менен Аллах мени бейишке киргизе турган амалды айтчы? - деп айттым. Же Аллахка эң сүйкүмдүү амалды айтчы деп сурадым окшойт. Ал унчукпай койду. Мен дагы сурадым. Ал бул жолу да унчукпады. Үчүнчү жолу сураганымда, ал: Бул амал тууралуу Аллахтын элчисинен мен да сураганмын. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт". Маъдан айтат: Кийин Абу Дардага жолугуп, андан сурасам, ал да: Мага Савбан ушинтип айткан - деди.

Айша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте, ал айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: "Тамак келгенде намаз болбойт жана эки нажас келип калган абалда туруп да намаз окулбайт".