- Асыр намазын абалкы убактысында окуу жана ушуга аракет кылуу керек.
- Асыр намазын калтырган жана убактысынан кечиктирген адамга катуу эскертүү бар. Аны кечиктирүү башка намаздарды кечиктирүүдөн оор күнөө. Анткени ал Аллах Таала: "Намазыңарды, айрыкча ортоңку намазды бекем сактагыла" - деп баса белгилеген ортоңку намаз. (Бакара, 238-аят).