Explanation
Сахаба Абу Муса аль-Ашари, радыяллаху анху, намаз окуп жатып ташаххуд айтып каадада отурганда анын артында намаз окугандардан бир киши: "Намаз Куранда такыбалык жана зекет менен салыштырылган" - деди. Абу Муса, радыяллаху анху, намазын окуп бүткөндөн кийин, артында намаз окугандарга кайрылып: “Силердин кимиңер: “Намаз Куранда жакшылык жана зекет менен салыштырылган” - деген сөздү айтты?" - деп алардан сурады. Адамдар унчукпай калышты, алардан эч кимиси жооп берген жок. Ал суроону кайра аларга кайталаса да ага эч ким жооп бербеди. Ошондо Абу Муса, радыяллаху анху, айтты: "Балким, Хаттан, сен айткандырсың!" - деди. Абу Мусага болгон тайманбастыгы жана жакындыгы жана аны менен болгон байланышы, анын дооматы Хаттанга зыян келтирбей тургандыгы үчүн жана иштин чыныгы жайын моюнга алууга түрткөндүктөн, Хаттан муну четке какты да мындай деди: "Мен айтты деп ойлоп, мени урушуп кетесиңби деп корктум". Мына ошол учурда элден бир киши: "Мен муну айттым, мен муну менен жакшылыктан башканы максат кылганым жок" - деди. Абу Муса ага үйрөтүү үчүн: "Намазда кантип айтууну билбейсиңерби?!" - деди. Абу Муса мындайды жактырбады. Андан кийин Абу Муса айтты: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир жолу аларга хутба айтып, алардын шарияттарын түшүндүрүп жана аларга намаздарын үйрөтүп мындай деди:
Намаз окуганыңарда катарды түздөп түз тургула. Анан алардын бири элге имамдык кылат. Эгерде имам такбиратул ихрамды (ачылыш такбирин) айтса, имам сыяктуу такбиратул ихрамды айткыла. Эгерде имам Фатиха сүрөөсүн окуп: "Гойриль магдууби алейхим уаладдооооллиин" - десе, анда силер: "Аамиин!" - деп айткыла. Эгерде силер ушундай кылсаңар, Аллах дубаңарды кабыл кылат. Эгерде имим такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Имам сенден алдын рүкү кылат жана сенден алдын рүкүдөн турат. Андыктан имамдан ашып кетпегиле. Анткени имамдын рүкүдө сенден мурда кылган учуру сени бир аз рүкүнү кечирээк кылууга мажбурлайт. Ошондуктан ал учур ошол эле учур болот да сенин рүкүңдүн өлчөмү анын рүкүсүнүн өлчөмүнө тең келет. Эгерде имам: "Самиьаллаху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббанаа лакал хамд" - деп айткыла. Намаз окуган адамдар ушинтип айтышса, Аллах Таала алардын дубасын жана сөздөрүн угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, тили менен: "Аллах мактоо-шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда артындагы адамдар да такбир айтып сажда кылышсын. Анткени имам алардан алдын сажда кылып, кайра алардан алдын саждадан турат. Ошондуктан ал учур ошол эле учур болот да алардын саждасынын өлчөмү имамдын саждасынын өлчөмүнө тең келет. Имам каадага отурганда намаз окуп жаткандардын биринчи айткан сөзү: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи" болсун. Башкаруу, түбөлүктүүлүк жана улуулук баарысына Аллах гана татыктуу. Ошол сыяктуу эле беш убак намаздын баары Аллах үчүн гана болот. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ар бир кемчиликтен, балээден, жетишсиздиктен жана бузукулуктан сактоосун Аллахтан тилегиле. Жана Пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, салам айтып, андан кийин өзүбүзгө салам айтабыз. Андан соң Аллах Тааланын акысын жана Аллахтын пенделерине важип болгон укуктарын аткарган Аллахтын салих пенделерине салам айтабыз. Андан соң: "Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - деп Аллахтан башка кудай жок экендигине күбөлүк беребиз жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк беребиз.