- Мечитте жамаат менен намаз окубай калуу коркунучтуу.
- Мүнафыктар ибадат кылышканда эл көрсүн жана атак-даңкты гана максат кылышкан. Ошондуктан адамдар аларды көргөндө гана намазга келишкен.
- Жамаат менен окулган куптан жана багымдат намаздарынын сообу чоң. Куптан жана багымдат намаздары жөрмөлөп болсо да барып жамаат менен окууга татыктуу.
- Куптан жана багымдат намаздарын жамаат менен окуу эки жүздүүлүктөн сактайт. Ал эми эки намазды жамаат менен окубоо мунафыктардын сыпаттарынан.