/ Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу

Хузайфа, радыяллаху анху, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу.
Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки сажданын ортосунда отурганда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - деп кайра-кайра кайталайт эле. "Раббигфир ли" - дегендин мааниси: пенденин Раббисинен анын күнөөлөрүн кечирүүнү жана айыбын жабууну сурануусу.

Hadeeth benefits

  1. Парз жана нафил намаздардагы эки сажданын ортосунда отурганда бул дубаны айтуу шариятта каралган.
  2. "Раббигфир ли" деп бир жолу айтуу важиб. Ал эми кайталап айтуу мустахаб.