Абдулла бин Мугаффал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бардык эки азандын ор...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир азан менен икооматтын ортосунда напил намаз окуу керектигин айткан. Муну үч жолу кай...
Абу Катада ас-Сулами, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Силердин бирөөңөр мечитке киргенде...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким мечитке каалаган убакта жана каалаган максатта келип-кирсе, отурардан мурда эки рекет намаз окууга үндөгөн...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба а...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жума хутбасына келгендер үчүн жума хутбасындагы важиб адептердин бири хутбаны түшүнүү үчүн тынч олтуруп угуу э...
Имран бин Хусайн (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Менин гемморой оруу бар эле. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды канти...
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды негизи туруп окуу керектигин баяндаган. А эгер туруп окууга мүмкүнчүлүгү чектелген...
Абу Хурайра, радыяллаху анху риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн мечитинде намаз окуунун пазилеттүүлүгүн түшүндүрүп, Меккедеги Харам мечитинен башка жер жүзүндөгү мечит...
Абдулла бин Мугаффал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бардык эки азандын ортосунда намаз бар. Бардык эки азандын ортосунда намаз бар". Анан: "Каалагандар үчүн" - деп кошумчалаган.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң".
Имран бин Хусайн (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Менин гемморой оруу бар эле. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды кантип окуу тууралуу сурасам, ал: "Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди.
Абу Хурайра, радыяллаху анху риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак".
Махмуд бин Лабид, радыяллаху анху, риваят кылат: Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен аны Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат».
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Аллах Таала: "О, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака берилет" деген".
Абу Масуъддун (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) мынтип айткан: "Эгер киши үй-бүлөсүн сооп үмүт кылуу менен каржыласа, анын каржысы садака болуп эсептелет".
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
Малик бин Аус бин Хадасан айтат: Мен жанымдагыларга кайрылып: Ким мага алтын теңгелерди күмүш акчага алмаштырып берет? - деп сурадым. Талха бин Убайдулла: Алтындарыңды бизге (берчи) көрөлү, анан кийин кызматчыбыз келгенде келсең, сага күмүш акча беребиз - деди. Ал жерде Умар бин Хаттаб да турган. Ал: Жок, мындай болбойт. Аллахка ант болсун, сен ага акчаны дароо беришиң керек, же алтындарын кайтарып бересиң. Анткени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Күмүштү алтынга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Буудайды буудайга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Арпаны арпага алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Курманы курмага алмаштыруу сүткордук болот. Бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес".
Абдуллах бин Салам (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинага келген күнү, адамдардын баары ал келе жаткан тарапка чуркап, бирөө "Аллахтын элчиси келди!" деп үч жолу кыйкырды. Мен дагы эл менен бирге аны көрүүгө чуркадым. Анын жүзү мага даана көрүнгөндө, жүзүнөн дароо эле анын жалган сүйлөбөстүгүн байкадым. Анын айткан сөздөрүнөн эң биринчи укканым ушул болду: "Эй, адамдар! Саламыңарды жайылткыла. Ачкаларды тоюндургула! Туугандар менен катташкыла! Түндө башкалар уктап жатканда силер намаз окугула! Ошондо эч жамандыкка учурабай бейишке киресиңер!"