Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди
Имран бин Хусайн (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Менин гемморой оруу бар эле. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды кантип окуу тууралуу сурасам, ал: "Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди.
Бухари жазып калтырган
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды негизи туруп окуу керектигин баяндаган. А эгер туруп окууга мүмкүнчүлүгү чектелген абал болсо, анда отуруп окуса болот. А эгер отуруп окууга да алы келбесе, анда жатып окуса жарай турганын кабарлады.
Hadeeth benefits
Адамдын акылы жайында турган учурда намаз анын моюнунан түшүп калбайт, мүмкүнчүлүгүнө жараша абалдан абалга өтүп намазын окушу керек.
Пенденин ибадатты мүмкүнчүлүгүнө жараша аткарганы - Исламдын жеңил жана кечирим дин экендигин кабарлайт.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others