/ Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун

Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун

Абу Катада ас-Сулами, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким мечитке каалаган убакта жана каалаган максатта келип-кирсе, отурардан мурда эки рекет намаз окууга үндөгөн. Ал эки рекет тахиййатул-масжид намазы.

Hadeeth benefits

  1. Мечитке киргенде отураардан алдын тахиййатул-масжид деген эки рекет намаз окуу сооптуу.
  2. Бул эки рекет тахиййатул-масжид намазын окуу мечитте отургусу келгендер үчүн. Ал эми ким мечитке кирсе жана отура электе чыгып кетсе, тахиййатул-масжид намазын окубаса да болот.
  3. Эгер намаз окууну каалаган адам мечитке киргенде адамдар намаз окуп жатса, анда алар менен бирге намаз окуйт. Алар менен намаз окуусу менен ал эки рекет тахиййатул-масжид намазына жетиштүү болот.