Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен аны Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен аны Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат».
Муслим жазып калтырган
Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт, тескерисинче, садака кылган адамдан балээлерди кетирет деп баяндап жатат. Садака кылган адамга Аллах чоң жакшылык менен анын ордун толуктап берет. Демек, садака берүүдөн анын мал-дүнүйөсү кемибейт, кайра көбөйөт.
Өч алуу же ээсин жазалоо мүмкүнчүлүгү болсо да аны кечирүү күч-кубатты жана ар-намысты арттырат.
Эч ким эч кимден коркконунан, сылык-сыпаалыгынан, эч кимден пайда үмүт кылбастан, бирок Аллахтын жүзү үчүн гана кичипейил, жөнөкөй болсо, анда анын сыйлыгы катары даражасы өйдө болууга жана кадыр-баркка жетүүгө татыктуу болот.
Hadeeth benefits
Жакшылык жана ийгиликти кээ бирөөлөр башкача деп ойлошсо да, жакшылык жана ийгилик шариятка баш ийип, жакшылык кылууда болот.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others