- Аллах жолунда садака жана нафака берүүгө кызыктырат.
- Кайрымдуулук кылып каржылоо ырыскынын берекелүү болуусунун, көбөйүүсүнүн жана пенденин бергенине Аллахтын кайтарып берүүсүнүн негизги себеби.
- Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.