- Бул хадисте беш түрдүү нерсе айтылган: алтын, күмүш, буудай, арпа, курма. Мына ушул нерселерди ушул эле нерселерге алмаштырганда (сатканда), сооданын жарактуу болуусу үчүн эки шарт табылуусу зарыл: келишим болгон жерде товарды кабыл кылып алуу. Салмагы бирдей болуу. Мисалы алтынды алтынга алганда салмагы бирдей болушу керек. Бул шарттардын бири табылбаса риба фаазил, ашыкча сүткордук болот. А эгер күмүштү данга алмаштыруу сыяктуу жынсы ар түрдүү нерсе болсо, анда анын жарактуу болуусу үчүн бир эле шарт бар: акысын келишим кылынган жерде төлөө. Эгер андай болбосо бул риба насия, насыя сүткордук болуп калат.
- Келишим түзүлгөн отуруш дегени, соода болгон жер. Мейли алар отуруп соода кылсын, басып баратып соода кылсын, же улоонун үстүндө баратып соода кылсын айырмасы жок. Ал эми ажырап кетүү дегени, адамдардын жашаган жериндеги үрп адатта ажыроо кандай болсо, ошондой эсептелет.
- Хадистеги тыюу алтын менен күмүштүн бардык түрүнө, иштетилген жана иштетилбегенине тиешелүү.
- Азыркы замандагы акча бирдиктерине да алтын менен күмүшкө тиешелүү шарттар каралат. Башкача айтканда, риалды дирхамга алмаштырууну кааласаң, эки тарап ыраазы болгон курста алмаштырылат, бирок алмаштыруу соодалашкан орунда болуусу важыб. Эгер андай болбосо, соода жараксыз болуп, арам деп эсептелеген сүткордук болуп калат.
- Сүткордук менен алмаштыруу, эгер эки тарап тең ыраазы болуп турса да жараксыз. Анткени Ислам дини жеке адамдын да, коомчулуктун да акысын коргойт. Өз акысын кечкенине каралбайт.
- Колунан келген адамга башкаларды жамандыктан кайтаруусу милдет.
- Кайсы бир иштен кайтарганда, кайтарган нерсесинин далилин келтирүү зарыл. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) хадисти далил кылганы сыяктуу.