- Аалымдар адам өлгөндөн кийин анын артынан сообу жете турган иштерге сообу токтобогон садагалар, башкалар пайдасын көрө турган илимдер жана дубалар деп айтышкан. Башка хадисте буларга кошумча ажылык ибадаты да айтылган.
- Хадисте ушул үч ишти айтып, ушуларды аткарууга үндөгөн. Анткени, булар жакшылыктын негизи, пазилеттүү адамдар артына калтырып кетүүнү максат кылган иштер.
- Бардык эле пайдалуу илимдер үчүн сооп берилет. Бирок илимдердин эң башында жана биринчи сабында шарият илими жана шариятка тиешелүү илимдер турат.
- Бул үч иштин ичинен эң пайдалуусу илим таратуу. Анткени, үйрөнгөн адам пайдалана турган илим шариятты сактай турган жалпы калайыкка пайдасы тие турган илим. Бул илим бул дүйнө жашоосуна да, акырет жашоосуна да зарыл нерселерди камтыган илим.
- Хадис, саалих ыймандуу балдарды тарбиялоого үндөйт. Мындай балдар дуба аркылуу ата-энесинин акыретине да пайдасын тийгизет.
- Ошондой эле, ата-эненин көзү өткөндөн кийин да аларга жакшылык кылууга үндөйт. Бул дагы балага пайдасы тие турган жакшы иштерден болуп эсептелет.
- Өлгөн адамга баласынан башкалардын дубасы деле пайдасын тийгизет. Хадисте баласын айтканынын себеби, башкаларга караганда баласы ата-энесин көбүрөөк эстеп, көбүрөөк дуба кылат.