Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак
Абу Хурайра, радыяллаху анху риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Explanation
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн мечитинде намаз окуунун пазилеттүүлүгүн түшүндүрүп, Меккедеги Харам мечитинен башка жер жүзүндөгү мечиттерде миң намаз окугандан да сооптуураак экенин баяндады. Меккедеги Харам мечитинде окулган намаз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мечитинде окулган намаздан жакшыраак.
Hadeeth benefits
Харам мечитинде намаз окуу Пайгамбардын мечитинде намаз окуганга караганда сообу эки эсе көп.
Харам мечитинде окулган намаз башка мечиттердеги жүз миң намаздан жакшыраак.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others