- Аял кишиге этек кир көргөн күндөрү буткөндөн кийин жуунуу важыб.
- Истихаза канын көрүп жаткан аялдын намазды окуй берүүсү важыб.
- Айыз (этек кир): балакат жаш курагына жеткен аялзатынын жатыны анын кыны аркылуу койо бере турган табигый кан. Бул кан белгилүү күндөрдө келет.
- Истихаза каны: Жатындын үстүнөн белгилүү бир мөөнөтү жок агып чыгуучу кан.
- Этек кир каны менен истихаза канынын айырмасы: этек кирдин каны карамтыл, коюу, анан жагымсыз жыты болот. Ал эми истихаза каны кызгылт, суюк, жагымсыз жыты болбойт.