- Жамгырдан кийин: "Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады" - деп айтуу мустахаб иштерден.
- Ким жамгырдын жана башка кубулуштардын жаратылганын жана болуп өткөндүгүн жылдыздарга толук таандык кылса, анда ал чоң каапырлык менен каапыр болот. А эгерде жылдыздарды себеп катары көрсө, анда ал кичи каапырлык кылган болот. Анткени жылдыздардын жамгыр жааганына физикалык жактан да шарияттык көз караш менен да таасири жок.
- Аллахтын берген жакшылыгына шүгүр келтирбесе, анда ал каапырлыкка себеп болот. А эгерде шүгүр келтирсе, анда ыймандуулукка себеп болот.
- «Бизге баланча жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деп айтууга тыюу салынат. Ширк коркунучуна бөгөт коюу үчүн бир убакытты билдирген максатта айтса да болбойт.
- Жүрөк жакшылыктарга жетүүдө жана балээлерден сактанууда Аллах Таалага байлануусу керек.