- Бул хадис – жамандыкты токтотуунун даражаларын баяндоодо негиз болуп саналат.
- Акырындык менен жамандыктан кайтаруу буйругу ар кимисинин өз жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.
- Жамандыктан кайтаруу – бул диндеги улуу иштерден. Бул иш эч кимдин жоопкерчилигинен түшпөйт жана ар бир мусулманга өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша милдет болот.
- Жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу ыймандын белгилеринен. Анткени ыйман көбөйөт жана азаят.
- Жамандыктан кайтаруунун шарттарынан: Иштин күнөө экенин билүү.
- Жамандыктан кайтаруунун шарты: Андан чоң жамандык алып келбеши керек.
- Жамандыктан кайтаруунун мусулман сөзсүз түрдө үйрөнө турган адептери жана шарттары бар.
- Жамандыктан кайтаруу үчүн шарияттык саясат, билим жана көрөгөчтүк керек.
- Аткарылып жаткан күнөөнү көрүп жүрөк менен жек көрбөгөндүк - ал ыймандын алсыздыгын көрсөтөт.